Menu

Башка түшсө байтал жорго…

Бөлүшүү:

Атаганат, десеңчи! Кыргызстанды чанып кеткендердин баары эле жыргап кетпегендир? Анткени мурда каалагандай басып, эңсегендей оокатын кылгандар бөтөн жакка барганда баары бир “Султан” болушу өтө кыйын. Тогуз жылдан бери чет өлкөлөп жүргөн Кыдыкбек Исаевди, Данияр Үсөновду, С. Балкыбековду, Бакыт Бешимовду көпчүлүк унутуп деле калды. Мелис Мырзакматовдун деле кыргыз жергесине келүүгө эки көзү төрт десек өзү деле моюндайт.

Былтыр өлкөдөн ойт берген жубайлар Ринат Самудинов менен Элнура Молдокадырованын турмушундагы жаңылыктарын байкоого алсак анчалык “укмуш” деп айтууга ооз барбайт. Арийне, оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу болгонуна баракелде дешибиз керек. “Ашказан философиясы” ошого түртмөктөгөнү байкалып эле турбайбы. Ошентсе да көгүлтүр каналдын “жылдызы” болуп толукшуган айга окшоп жүргөн чырайлуу айымдын айдоочу болуп калганы турмуштун муктаждыгы десек неге болбосун? Көрсө башка түшсө байтал жорго болот экен да? Түздөп айтканда өз жергеңдин топурагы алтын экенин эстен чыгарууга болбостур?

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: