Menu

Атактуу ырчылар Юлдуз Усманова менен Фаррух Закиров парламенттин чыгарган жаңы эрежесине каршы чыгышты  

Бөлүшүү:

Ушул жылдын сентябрында Өзбекстан парламенти той чыгымдарын азайтуу үчүн музыканттардын, коноктордун жана кортеждеги транспорт каражаттарынын санын кыскартуу боюнча жаңы эреже кабыл алган. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

Жаңы эреже боюнча, үйлөнүү тоюна 250 кишиден ашык киши чакырууга тыюу салынат, экиден көп ырчы, кортежде үчтөн ашык автоунаа болбоого тийиш. Өзбекстанда үйлөнүү үлпөттөрү Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндөгүдөй эле жүздөгөн коноктордун, бир нече ырчылардын катышуусунда өтөт. Мындай шаан-шөкөттөн кийин үй-бүлө карызга баткан учурлар да арбын. Ошондон улам, жаңы эреже киргизишти окшойт өзбек парламенти.

Бирок, бул жаңы эрежеге өзбек ырчылары каршы чыгып, үйлөнүү үлпөттөрүндө ырчылардын санына чектөө киргизилишине нааразы болушууда. Алардын арасында  – Райхон, Улугбек Рахматуллаев, Мавлюда Асалхожаева, Рашид Холигов, Шахзода, Жахонгир Отажонов, Фаррух Закиров жана Юлдуз Усманова да бар.

Өзбек ырчылары тойлордо кызмат кылуу менен өздөрүнүн эле эмес көптөгөн үй-бүлөлөрдү багышарын билдиришүүдө. Ырчы Муниса Ризаеванын айтымында, үйлөнүү тоюнда төрт ыр аткарып, 800 доллар таап, ал жамааты менен бөлүшөт,  450 доллар алты музыкантка, эки айдоочуга жана эки жансакчыга бөлүштүрүлүп берилет. 350 долларды өзүндө калат.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 11 = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: