Menu

Марс Сариев: “Бабановго карата кара пиар күч алды”

Бөлүшүү:

– Марс мырза, азыркы шайлоо алдындагы кырдаалга кандай баа бересиз?Абал курчуп бараткандай сезилбейби сизге?

– Ооба, курчуп баратат. Анткени, президенттик таймаштын фавориттериЖээнбеков менен Бабанов болчу. Азыр Бабановдун рейтинги көтөрүлгөн сайын бийлик сарсанаа болуп, нервденип жатат. Кара пиарды карап көргүлө, аябай күч алды. Менимче, КСДП Жээнбековду сөзсүз биринчи турдан өткөрөбүз деген план коюшту. Эгер экинчи тур болсо, анын шансы төмөндөп кетет.

– Сиз Бабановдун рейтинги көтөрүлүп атат дебедиңизби, эмнеге таянып антип айтып атасыз?

– Биринчиден, сурап-билүүлөргө, экинчиден, коомдук маанайга карап айтып жатам. Гэллап институту жазында эле сурап-билүү өткөргөн. Ошондо Бабановдун рейтинги 30 пайыз болчу. Анан калса, дүйнөлүк тенденция да ошондой болуп атпайбы. Монголияда, Филиппинде бийликке жаштар, башкача көз караштагы жаңы кишилер келип жатат. Жээнбеков бийликке келсе Атамбаевдин багытын улантат. Ал эми мезгил коррупцияга, кландык башкарууга каршы секирикти талал кылууда. Талапкерлердин арасынан бул критерийге көп минустары бар экенине (мисалы, бизнеси бардыгы) карабай, Бабанов гана анча-мынча туура келет. Жээнбековдун бир артыкчылыгы, ал бийликке келсе туруктуулук болот. Ал эми Бабанов шайланса, абал курчуп кетиши ыктымал. Себеп дегенде, ал багытты кескин өзгөртөт.

– Акыркы эки окуя: Бабановдун Оштогу сүйлөгөн сөзү, тарапкери Канат Исаевдин кармалышы анын рейтингин төмөндөтүп салган жокпу?

– Сөзсүз төмөндөттү. Бирок, өтө деле катуу эмес. Коомдук пикирдин өзүнүн динамикасы болот. Албетте, жанагы окуялар анын кадыр-баркына таасир этти. Бабановдун Он-Адырда сүйлөгөн сөзүн башьш, аягын, ынтымак, достук тууралуу айткандарын кесип салып, ортосун гана беришти. Бирок, ага чейинки окуялар тууралуу айтылган жок. Анын баннерлерин алып ыргытып, жолугушууга келаткан кишилерди коркутушкан. Жанагы сөздөрдү ал ошон үчүн айтып атат да. Бул сөздөрдү ал көп эле жерде: Көлдө, Кочкордо деле айткан.

– Биз сизди дайыма объективдүү баа берген калыс эксперт катары билебиз. Бирок, бул жолу Бабановго жан тарткандай сүйлөп жаткан жоксузбу?

– Балким. Чынын айтсам, азыркы кырдаалда менин симпатиям көбүрөөк Бабанов тарапта. Масадыков ат сальписа, мен ошону колдомокмун. Бирок, ал Кыргызстанда жашаган эмес, шайлоого катышканга акчасы да жок…

– Оштун прокуратурасы Бабановдун сөзүн экспертизага жиберген турбайбы. Эгер экспертиза анын сөздөрүндө улуттардын арасына жик салчу чакырык бар деп тапса, БШК таймаштан четтетип коюшу мүмкүнбү?

– Мүмкүн. Бирок, Бабанов сот аркылуу өз укугун талашканга аракет кылса керек. Анткени, анын сөзү одоно түрдө кескиленгени оркоюп көрүнүп турат. Эгер Бабанов таймаштан четтелип калса, абал курчуп кетиши ыктымал. Себеби, аны калктын аябагандай чоң катмары, Атамбаевдин мурдагы соратниктери, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, Темир Сариевге ичи чыкпай калган түндүк кландарынын бир бөлүгү да колдоп жатышат.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − 28 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: