Кыргызстандын экономмкасы акыркы 5 айдын жыйынтыгы боюнча 5,6 %га, Кумтөрдүн пайдасын эске албаганда, 1,5 %га өстү. Мындай маалыматты Экономика министрлигинин макроэкономикалык саясат башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиев билдирди. Анда экономиканын көрсөткүчүнө терс таасир эткен факторлорго Кара-Балтадагы «Жунда» заводунун 2 ай иштебей турушу да терс таасир эткен. Кыш жылуу болуп, электр энергиясын иштеп чыгаруу да аз болду. Андан тышкары, Кыргызстандагы кайра иштетүү тармагы 5-6 пайызга төмөндөгөн. Андан тышкары 2010-2012-жылдары кызмат көрсөтүү тармагы 5-6 пайызга өссө, азыр 1-2 пайызга жетип жатканын айтты. Аны менен бирге соода тармагындагы көрсөткүч да ушундай экенми кошумчалайт Шамшиев.
Булак: «Факты.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ