Кыргызстанда 11-апрелге карата дагы 41 адам таажывирус илдетин жуктурду. Алардын ичинен 12 бейтап медицина кызматкерлери. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде өкмөттө өткөн брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Маалыматка караганда, дарыгерлер арасында таажывирустун 12 учуру аныкталган:
– Бишкек шаарында – 8,
– Нарын облусунда – 1,
– Ош шаары – 3.
Жалпысынан, 51 дарыгерде таажывирус аныкталган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ