Menu

Өзбекстанда адам өлтүрүп, зордуктоого шектелген адам Кыргызстанда үй-бүлө күтүп жашап жүргөн

Бөлүшүү:

Өзбекстанда оор кылмыштарга шектелип, 2010-жылдан бери издөөдө жүргөн адам Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынан кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ал Ташкент шаарында өзгөчө оор кылмыштар менен соттолуп, издөөдө жүргөн. 2016-жылы чек арадан мыйзамсыз өтүп, өзүнө Б. К. деген башка ысым алып, үй-бүлө курууга жетишип, жашырынып жашап жүргөн. Кадамжай РИИБдин баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн жана 10-бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектелген адам Кызыл-Кыя шаарынан кармалды.

Иликтөө учурунда ал Б. К. эмес эле өзбекстандык 1983-жылы туулган С. А. экендиги аныкталган. Ал 2010-жылы Өзбекстанда зордуктоо, адам өлтүрүү жана каракчылык беренелери менен жоопко тартылган. Жазасын өтөп жатып 2016-жылы Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагынын Исмат-Какыр айылы аркылуу мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуп өтүп, Кызыл-Кыя шаарында, Кадамжай районунун аймактарында жашырынып жашап жүргөн.

Ал боюнча топтолгон материалдар УКМКга өткөрүлүп берилди. Азыркы күндө бул адамдын үстүнөн Кызыл Кыя жана Кадамжай шаарынын бир нече тургундары арызданышты. Анткени ал башкалардын ишенимине кирип, жалпы 300 миң сом каражатты алдап алып жүргөнү аныкталды. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: