Menu

Алымбек датканын 220 жылдык маарекеси ушул жылдын ноябрь айынын башында өткөрүлөт

Бөлүшүү:

Айтылуу тарыхый инсан Алымбек датканын 220 жылдык маарекеси ушул жылдын ноябрь айынын башында өткөрүлөт. Маарекени уюштуруу милдети Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнө жүктөлгөн. Бул тууралуу маданият министри Азамат Жаманкулов Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде маарекелерге карата даярдыктардын жүрүшү тууралуу маалымат угулуп жатканда билдирди.

Министрдин айтымында, маарекеге арналган иш-чаралардын алкагында бир нече илимий-конференциялар өткөрүлөт. «Азыр Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алардын сунуштарын күтүп жатабыз», – деди Азамат Жаманкулов.

Депутат Төрөбай Зулпукаров Алымбек датканын өмүр жолун ар жаран жакшы билиши керек экенин белгилесе, депутат Марлен Маматалиев Алымбек датка жөнүндө көркөм фильм тартуу керектигин айтты.

Эске салсак, 1799-жылы Алай өрөөнүндө туулуп, 1863-жылы кайтыш болгон. Ал Мадали хандын чакыруусу менен Кокон хандыгында кызмат өтөп, узак жылдар бою хандардын кеӊешчиси, аталык, Анжыян жана Ош шаарларынын беги болуп турган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − 47 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: