Жунушев Болотбек Абдурасулович С.А.Чуйков атындагы Кыргыз Мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кол койду.
Болотбек Жунушев аталган окуу жайда 2003–жылдан бери мугалим болуп эмгектенип келген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ