Menu

Нур-Султанда аялдар дары-дармек жетишсиздигине нааразылык билдиришти

Бөлүшүү:

30-июнда 30га жакын аял Нур-Султан шаардык акимчилигинин алдына чогулуп, дары-дармек жетишсиздигине нааразылык билдиришти.

Калаанын Айжамал Сариева аттуу тургуну дарыканалардан күйөөсүнүн дене табын түшүрүү үчүн дары таппай койгонун билдирди

«Сауран жана Алматы көчөлөрүн кыдырып чыктым. Температураны түшүрүү үчүн «Парацетамол» же «Аспирин» издегем, эч жерде жок. Бийлик карантин болорун билген да, эмнеге жетиштүү дары камдап койгон эмес?», — деди ал.

Назира Мукашева аттуу дагы бир тургун дары-дармек жетишсиз болуп, ошол эле маалда баалар жогорулап жатканын билдирди.

— 22 дарыканага кирип «Парацетамол» таба алган жокмун, 23сүндө бар экен. Беткап жок, баалар жогорулаптыр. Карапайым тургундар ооруп калса эмне кылышат? — деди ал.

Чогулган аялдар пандемия маалында алардын кирешеси азайганын, батирге төлөөгө жана азык-түлүк сатып алууга акча жетпей жатканын билдиришти.

Чогулгандардын алдына чыккан акимдин аппарат башчысы Нурлыбек Женисбек акция катышуучуларынын аты-жөнүн жазып алып, аларды калаа башчысы кабыл аларын билдирди. Андан соң аялдар тарап кетишти.

30-майда Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой өлкөдө дары-дармек жетишсиз болуп жатканын мойнуна алып, өкмөт бул маселени чечүүнүн үстүндө иштеп жатканын билдирген.

Акыркы маалыматтар боюнча Казакстанда коронавирус жуктургундардын саны 40 миңге жакындап, 188 бейтап каза болду. Нур-Султанда беш миңден ашык киши илдетке чалдыгып, 61и көз жумду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: