Атактуу актриса Анжелина Жолиге окшош кыз Америкада табылды. Ал Висконсин штатындагы 37 жаштагы Мелисса Бэйзен. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Мелисса Бэйзендун айтымында, аны көчөдөн көргөндөр Анжелина Жолига окшоштуруп, токтотуп алып сүрөткө түшүп, кол тамга алышат. Айрымдары: «Брэд кайда?» деп сурашса, кээ бирлери мойну кайрылганча карап өтүп, кимдир бирөөгө окшоштуруп жаткандарын айтат. Мелисса кызыгып сураса, Анжелина Жолиге окшоштурганын айтышат.
Ошондон улам, мурда актриса болуп көрбөгөн Мелиссанын алдына чыгармачылык эшик ачылып, азыр ал бала бакчада, кечелерде кооз кийинип, ар кайсы актрисалардын ролун ойноп чыга баштаган.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ