Күнү кечээ Кабулда кайнаган эл көчөгө агылып чыгып, Ирандагы оогандык качкындардын үстүнөн жүргүзүлүп жаткан зомбулуктарга, шылдыңдоолорго каршы акция жүргүзүштү. Эскерте кетсек, соцтармактарда оогандык жаш уланды Иранда сабап жаткан видео тараган. Прессага жеткен маалыматтар боюнча бул окуя Ирандын аралы болгон Кешмде болгон. 16 жаштагы жаш бала жергиликтүү аткаминердин аялына каяша айтып койгон экен, ошондон улам ур-токмокко калыптыр.
“Митингге чыккандар Иран элчилигинин алдына чогулушуп, расмий Тегерандан ооган качкындарына болгон саясатты өзгөртүүнү талап кылышты”, – деп берет “1TV” ооган телеканалы.
Иран элчилиги бул ур-токмок тыкыр караларын, күнөөлүүлөр жоопко тартыларын айткан. Бирок Ирандагы качкындар боюнча мындай окуялар көп болуп жатканын айтышып, эл аябай нааразы болуп, улам толкуп, нааразычылыктарын катуу айтышты.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ