UFC`нин чемпиону, мушкер Валентина Шевченко жакында америкалык актриса Холли Берри менен чогуу киного тартыла турган болду. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактардагы баракчаларына жазды.
Кино жөнүндө кыскача айта кетсек, актриса Холли Берри учурда «Bruised» аттуу долбоорунун үстүндө иштөөдө. Жаңы тартыла турган киного өзү режиссер болуп, башкы ролду өзү аткарат. Кинонун маңызы мушкер жөнүндө болмокчу, ошон үчүн ал мушкер Валентина Шевченкону тандап алган.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ