Menu

Ыйлагандардын көз жашын аарчыгандар бар болсун!

Бөлүшүү:

Бул турмушта нелер гана болбойт. Бири чалкалап особнякта жашаса, тепкени ЖИП болсо, кай бирөө үстүндө үйү жок, дасторконунда тамагы көрүнбөй катуу кыйналышта өмүрүн өткөрүүгө мажбур. Кайсыл жерге баш бакпа Мамайдын көрүнө кез келесиң. Ооба, турмушта өйдө-ылдый болот дечи. А бирок, колунан эч нерсе келбегендер-ооруга кептелгендер, майып болуп калгандар биз менен бирге оокатын өткөрүп жатпайбы? Жакыр жашагандар, кембагалдар, карылыкка моюн сунуп, бирдемке жасоого кубаты жетпегендер жаныбызда эле жүрүшөт го?

Мына ошолордун кайгысын бөлүшүүгө, курсагын тойгузууга, үстүн кичине болсо да жаңыртууга милдеттүү өкмөттүн керемети канчалык экенин байкап турабыз да, ыраспы? Жадегенде майрамдарда берген таттуулары, азыктары жегенге жараксыз экендигин маалыматтардан баса калып окубадыкпы. Айтор, жардамга муктаждардын баары эле көңүлгө алынды дештин өзү апыртмалуу дегенди неге айтууга акыбыз жок?

Ошентсе да ошол шордуулардын көз жашын куюлтпоого, көздөн чаар чымын учуп турганда кол сунууга даяр турган азаматтар бар экенине каниет кылалы. Маселен, Азамат Байматов деген жигит бар зарлагандардын жанында болуп көмөгүн көрсөткөн. Ага күнү-түнү байланышып, акыбалын түшүндүргөн, келбесе ачкалыктан өзөрүп кетээрине чейин билдиргендер кайрылат. Кайсыл убакта телефон чалышканына карабай бул жигит жардамчылары менен андай зарыккандардан сөзсүз кабар алат. Антпесе тынч уктай албайт, туйлай берет, ойлору элеп-желеп кылып жай алдырбайт.

Эки жыл мурда “Кайрымдуу бол” деген фондун адилеттик министрлигинен каттаткан болчу. Шүгүр дейли, ошол кайрымдуулук фонду майлуу, сүттүү болуп көптөгөн бечаралардын жарпын жазып, төбөсүнө бак кондурду. Ушул кыска убакыттын ичинде үйү эмес үрүп чыгар ити жокторго турак-жай салып берди. Болгондо да түшкө кирбеген үйлөргө ээ болушту ыйлап жүргөндөр. Жакында эле дагы бир омоктуу жөрөлгөсүнө өзүбүз күбө болдук. Эптеп эле чабалакейдин уясындай болгон үстү жалпак үйдү салып жашоосун өткөрүп жүргөн Гүлжан апаны татынакай үйлүү кылды. Ачкычты болсо небереси Нурдинге салтанаттуу кырдаалда тапшырды. Келгендердин көбүнүн көзүнөн жашы кылгырды. Антсе да бул кубанычтын жашы экендигине ичибиз эзилип сүйүндүк. Ошондогу майыптык арабасында отургандардын берген батасына чыдап туруу өтө кыйын болгонун да жашырбай айта кетүүнү эп көрүп турам.

Албетте, жакшылык ыроологон жерде шаң болору белгилүү да? Атайын ушул кубанычка ортоктош болуп келген атактуу ырчы жана обончу Сыймык Бейшекеев ортого чыгып таасирдүү кебин айтып, конуш жайлуу болсун деген тилегин жугумдуу ырлары менен коштоду. Гүлзат Байзакова, Салима Балтаева, Күлүйпа Керимбаевалардын аткарып берген канаттуу ырлары да отургандарды шаңга бөлөдү. Алып баруучулукту Талант Карагулов ийине жеткирди. Булар дайыма ушундай жакшылыктарда чогуу болушарын да билдик. Көкүрөгүндө муң-кайгысы барлар убактылуу болсо да өкүнүчтөрүн унутуп калышты. Алардын да көөдөнүндө үмүттүн чачкындары пайда болгону ачык сезилип турду. Буйруса бизге да ушинтип Азаматыбыз нурун чачат деген ниеттери бүчүр байлаганы калп эмес. Кыргыздын пейили кандай сонун. Келгендерди жөн кетирбей, чайын берип, жаңы салынган үйдүн төрүнө отургузушту. Колдору туурулган, жупуну кийинген, тартынчаак адамдардын арасында дайыма мамилелеш болуп жүрбөгөнүбүзгө кичирейип турдук. Дүр-дүйүм тамактан үстөлдүн бели ийилген, үфүлөп үстү-башын үйлөгөн, жасалма мамилеси айкын көрүнүп турган элита чөйрөсүнүн тойлоруна көз караш ушул ирет таптакыр өзгөрдү. Бали, ушундай элдин түйшүгүн көтөрүүгө бел байлаган жигиттер көбөйсө экен деген тилектер жүрөктөн чыгып жатты.

Болгону эки жылда ушунчалык мамлекет жасай албаган иштерди ийге келтирген Азамат Байматовдун эрдигине ич эзилип, анын амандыгын тиледик. Кандай жол менен ушундай адамдын ажаатын ачкан иштерди аягына чыгарып жатканы боюнча өзүнчө кенен кеп кыларбыз убагы келгенде. Баса, фонддун кембагалдарга, муктаждарга деп ачылган дүкөнү да бар. Ал жерден кийим-кечелерди, зарыл азык-түлүктөрдү өтө муктаждарга таратып турушат. Мындан сырткары куруучулардын бригадасы болсо тизмедеги жакырчылыкта жашагандарга үй курууга багытталган. Тамак-ашын, эмгек акысын фонддон алышат. Бул албетте, жакшы жөрөлгө. Антсе да Азаматтын бир айткан таасирдүү кебине токтолуп кетпесем болбостур? –Байке, жакында эле карылыгынан эмес жокчулуктан ооруга тушуккан бир энеге жолукпай калганыма абдан кыжаалат болдум. Эки күн мурда эле сүйлөшкөнбүз. Анан керектүү азык-түлүктөрдү камдап алып өзүм баралбай балдардан берип жибергем. Кийин аны эстеп баратканымды кабарлайын деп байланышка чыктым. Башка кичине кыз алганынан тигил кишини сурасам өтүп кеткенин айтып жатпайбы! Оозуман кебим, колуман соткам түшүп, дендароо болуп калдым. Өзүмдү ошондон бери жемелеп жүрөм. Балким мен барганда соо калат беле деген суроолор жанымды жеп, азыр деле өкүнөм…

Ушул кептерди айтып жатканда олтургандардын тамагы буулуп, кыйлага үнсүз турдук. Ишенсеңер, ушундай жүрөк титиреткен сүйлөмдү жазып атып, карегиме жаш толду. Тирүүчүлөктө нелер болбойт, башыбыздан не деген окуялар өтпөйт? Ошентсе да кимге барарын билбей, түртпөгөн чоңдордун эшиги калбай, үңкүйүп отургандардын жашоосун жарыкка бөлөгөн, элдик жигиттердин бар экенине каниет кылалы. Ушундай демилгеңди үзбөй уланта бер, сен өтө улуу иштерди жасап жатасың Азамат!

Жора Сулайманов

Булак: Ачык Сөз

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: