“Российский Инвестиционный Банк” ачык акционердик коому Адилет министрлигинен кайра каттоодон өттү. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады.
Эми ал “Керемет Банк” ачык акционердик коому аталат. Мындан тышкары лицензиясын жана № 049 лицензиясындагы уруксат берилген банк операцияларынын тизмеси да өзгөрүп, улуттук же чет элдик акча бирдигинде банк операциясын жүргүзүүгө уруксат алды.
Банктын аталышын өзгөртүү чечими банк акционерлеринин кезексиз жыйынында 2019-жылдын 16 августунда кабыл алынган.
Белгилей кетсек, «Росинбанк» АККсынын 95,07%ы Кыргызстандын улуттук банкына тиешелүү. Банк башкармалыгынын чечими менен эми ал адистешип, инфраструктураны, байланышты, үй курулушушуна кредит берүү багытында иштемекчи.
2018-жылдын 2-октябрында Улуттук банкта 71,66% акциясы болгон, Кыргыз Өкмөтүнүн мүлк фондунда – 8,3%, жеке тараптарда -20% болгон.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ