Menu

Тимур Саралаев, “Жаңы муун” кыймылы: “Сапар Исаков коомчулуктун жаштарга болгон ишенимин жок кылып, жаштарды девальвация кылды”

Бөлүшүү:

Азыркы күндөрү элдин назарынын борборунда болгон экс-президенттин айлана-чөйрөөсүндөгү жансакчылыранын, маалымат ташыгычтарынын жана портфель көтөргүчтөрүнүн бирин артынан бири “отставкага” кетип бара жаткандары талашсыз. Ошону менен бирге, учурунда Атамбаев тарабынан “ставка” кылынган жаш өкмөт башчы Сапар Исаков дагы жакынкы күндөрү күтүлүп жаткан жаңылыктардын чордонуна түшчүдөй болуп калды.
Сапар мырза кызматка келип, өзү менен кошо жаш чоңдорду алып келген мезгилден баштап, ага жана анын командасына түркүн сындар айтылды. Ал сындардын айрымы объективдүү, айрымдары болсо субъективдүү болду.
Айтаарым дегеним, Исаков өзүнүн оксфордчул-гарвардчыл планшетүү кеңешчилери менен кошо Бишкектиктерди тоңдуруп сала жаздагынында эмес, Чехиядан алдамчыларды алып келгенинде эмес, деги койчу “Таза коомду” түзө албай калганынын сынга алууда эмес.
Айтаарым дегеним, Сапар Исаковдун эң негизги саясий катачылыгы, коомчулуктун жаштарга болгон ишенимин жок кылганында. Абактагы социалист Өмүрбек Текебаев Исаковдой кезинде такшалган саясатчыга айланган, Адахан Мадумаров Исаковдун курагында колтойгон мамлекеттик ишмер болуп калган, Исаковдун жашында Акматбек Келдибеков эң маанилүү чөйрөнү чайкатпай кармап, туура жолго салып турган. Совет мезгилинде дагы Исаковдон жаш журт башчылар болгон, мисалы Жусуп Абдрахманов, мындай мисалдар толтура. Өзүнүн жаш командасы менен кошо, Сапар мырза элге кызмат кылбай бир адамга кызмат кылды, Кудай берген колтойгон Өкмөттүн мүмкүнчүлүктөрүн туура колдоно албады, пайда алып келбей зыян алып келди. Ошону менен кошо анын эң баалангыс зыяны көп жылдар алдыга жаштардын деңгээлин түшүрүп салды. Эми Сапар Исаковдон кийин элибиздин улуу мууну жаштарга оңой менен ишеним арта ала албайт, ал ишенимди алыш үчүн кийинки жаштарга бир топ иш кылуу керек.

Тимур Саралаев, “Жаңы муун” кыймылынын лидерлеринин бири

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 35 = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: