Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районундагы Кочкор-Ата шаарындагы борбордук базар өрттөнгөн маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) тастыктады. Алардын айтымында, өрт бүгүн кечинде башталган. Ал жерге 4 өрт өчүрүүчү машина тартылып, куткаруучулар жөнөп кеткен. Андан тышкары ӨКМ бул боюнча дагы кошумча маалымат болоорун билдиришти.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ