Menu

Маркум Улан Эгизбаевдин үй-бүлөсүнө Бишкектен батир берилди

Бөлүшүү:

Маркум журналист Улан Эгизбаевдин үй-бүлөсүнө “КG групп” курулуш компаниясы Бишкектен батир берди. Аталган компаниянын башчысы Имамидин Ташов өзүнүн Facebook баракчасына Уландын апасы Жыпаргүл Сариеванын видеокайрылуусуна жооп берди. Анда байкуш эне уулу каза болгондон кийин,  Ташов батир берем деп убада кылганын, эми сөзүнө туруп, Уландын уулу Белек бир жашка чыгып жатканда, Бишкектен жаңы үйлүү болуп жаткандарына кубанып, ыраазычылык айткан.

Ал эми компания жетекчиси: “Урматтуу Токтосун байке, Жыпаргул эже,Сиздердин ыраазычылык билдирген видеоңуздарды алдым. Сиздердин жылуу сөздөрүңүздөргө ыраазычылык билдирем. Чет жакта иш сапар менен жүргөндүктөн, Уландын жылдыгына катыша албай калдым. Өксүткөн чоң жоготууга жүрөк канатып, канча көз жаш төгүлдү. Сабыр айтуудан башка колубуздан эч нерсе келбейт экен. Уландан калган туяк Белегиңиздер бар. Өмүр улай турган небереңиздер менен көп жакшылыктарды көрүңүздөр. Биз берген батирде Белектин жалаң ак тойлоруна күбө болуңуздар деген тилегимди чын жүрөктөн сиздерге айткым келди. Чыгаан журналист, эл уулу Улан Эгизбаевдин жаркын элеси баарыбыздын жүрөгүбүздө түбөлүк калат”,-деп аларды жаңы тамы менен куттуктады.

Эскерте кетсек, “Азаттык” радиосунун 28 жаштагы журналисти былтыр, 22-июлда Ысык-Көл чөгүп кетип курман болгон. Ал коррупциялык схемаларга журналисттик изилдөө жүргүзүү менен белгилүү эле. Ал жарык дүйнө менен коштошкондон кийин, кесиптештери “Уланбек Эгизбаев” атындагы журналисттик изилдөө фондун түзүшкөн. Уландын артында карыган ата-энеси, аялы, бир уулу калды. Уулу Белек ал каза болгондон соң, бир айдан кийин жарык дүйнөгө келген.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − 87 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: