Menu

“Республика-Ата Журт” партиясынын ишмердүүлүгү съезддин чечими менен гана токтойт

Бөлүшүү:

Бул тууралуу “РАЖ” парламенттик фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев билдирди.

Камчыбек Ташиевдин “РАЖ” саясый уюму эми жок” деп, “Ата-Журт” 2020-жылдагы шайлоого өз алдынча барары жөнүндө билдирүү жасаганы негиздүү, бул тууралуу 2016-17-жылдарда эле айтылганын депутат тастыктады.

“Азыркы тапта “Республика”, “Ата-Журт” жана “Республика – Ата-Журт” партиялары бар, “РАЖ” жоюлду дегени расмий түрүндө так эмес. Партияны юридикалык жактан жоюу съездде гана чечилет. Азырынча съезд боло элек. Мурда Ө.Бабанов да “Республика” партиясы шайлоого өз алдынча барарын айткан. Эми мунун бардыгын съездде талкууга алууга туура келет”, – деди Мирлан Жээнчороев.

“Республика” партиясынын лидери болуп Бабановдун ордуна сиз келесизби?” деген суроого, депутат кыскача гана: “Бул жөнүндө сөз болгон эмес” деп койду.

Эскерте кетсек, Ө.Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоого катышып, шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. 2017-жылдын 28-сентябрында, Башкы прокуратура Бабанов президенттикке талапкер катары үгүт иштерин жүргүзгөндө, Ош шаарынын Амир-Темирде сүйлөгөн сөзү боюнча кылмыш ишин козгогон. 20-августта УКМКга ошол иштин алкагында күбө катары суракка чакырылган. Мындан тышкары, ага карата “бийликти басып алууга даярдык көрүү” деген айып менен иш ачылган.

2018-жылы саясаттан кеткенин, мындан ары жалаң ишкерлик менен алектенерин билдирген. Быйыл 9-августта Москвадан Бишкекке учуп келген. Келгенден кийин, ал козголгон иштер боюнча, УКМК менен Финполицияга бир нече жолу сурак берип чыккан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 7 = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: