“Даңазалуу доордогу” Хюррем (Мерьем Узерли) АКШнын Калифорниясында 6-14-ноябрында өтүүчү бешинчи Азиялык эл аралык кинофестивалында калыстар тобуна кирди.
Уюштуруучулар маалымдагандай, бул кинофествалдын калыстар тобунун курамы төмөндөгүдөй: Мерьем Узерли (Германия / Түркия), Гука Омарова (Казакстан), Киу Чинь, Сара Финн, Джереми Каган, Тин Тин Сюй, Ирис Ямашита.
Жеңүүчүлөр беш категорияда аныкталат: “Эң мыкты тасма”, “Эң мыкты актер мырза”, Эң мыкты артист айым”, калыстардын атайын сыйлыгы.
Азиялык эл аралык фестивалды Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты Садык Шер-Нияз негиздеген. Бул фестивалга Азия чөлкөмүндөгү эң мыкты делген кинотасмалар катышып, азиялык жана голливуддук киноиндустриянын байланышын бекемдемекчи.
Кинофестивалга Азиянын 50 өлкөсүндө тартылган тасмалар катышмакчы: Түркиядан Жапонияга чейин, Орусия, Индия, жакынкы чыгыш өлкөлөрү. Фестивалга катышкан бардык тасмалар дүйнө жүзүндө кеңири жайылууга мүмкүнчүлүк алышмакчы.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ