ЖК депутаты Исхак Пирматовдун иниси, кинорежиссер Бекзат Пирматовдун “Аврора” деген тасмасы ошентип лонг-баракчага кирип олтурат. Лонг-баракча дегени эмнеси? Бул алдын-ала түзүлгөн, алгач тандалып алынган кинотасмалардын узун тизмеси.
Тасмада Көлдөгү советтик мезгилден бери өзгөрбөгөн “Аврора” саноторийи көрсөтүлөт. Окуя бир күндө гана өнүгөт. Каармандар кабылган трагедиялуу, күлкүлүү жагдайлар менен өлкөбүздөгү чоң көйгөйлөр айтылат.
“Оскардын” 92-сыйлыгынын “Эл аралык көркөм тасма” категориясына 93 өлкө өз тасмаларын сунуш кылган. Биринчилерден болуп Гана, Нигерия, Өзбекстан өз сунуштарын беришкен.
Ал эми шорт-баракча 16-декабрда жарыяланат, талапкерлердин акыркы тизмеси 2020-жылдын 13-январында айтылмакчы. Шорт-баракча дегенибиз – экинчи сыйра тандалган кыска тизме.
2019-жылдагы кинематография тармагындагы жетишкендиктери үчүн “Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи 2020-жылдын 9-февралында Лос-Анжелес шаарында өтөт.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ