Menu

Видео – Садыр Жапаров: “Жеңиш Молдокматов калпты айтып, элдин баарын тескери бурганга аракет кылып жатат”

Бөлүшүү:

“Замандаш” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов түз эфирге чыгып алып, “Ат-Башыга логистикалык борбор салынып баштады, чечим чыкты” деп калпты айтып, элдин баарын тескери бурганга аракет кылып жатат. Эл каршы чыккан жерге эч качан салынбайт. Ал жөнүндө сөз да жок, иш да башталган эмес жана башталбайт дагы. Булар эптеп эле, шайлоого 3-4 күн калганда элдин оюн буруп кетиш үчүн айтып жатат”, – деп билдирди бүгүн, 6-январда президенттикке талапкер Кара-Суу шаарындагы шайлоочулар менен жолугушуу учурунда жергиликтүү тургундардын суроолоруна жооп берип жатып.

“Жетим-Тоо боюнча. Аны эртең эле барып ача калалы деген эч ким жок. Мен “Жетим-Тоону иштетип, ал жерге завод салып, сырьесун сатсак, тышкы карыздан кутулат экенбиз” деген жеке оюмду айттым. Эгерде, көпчүлүк эл ага каршы болсо, анда аны ачпайбыз. Башка жолдорун издейбиз. Мен премьер болуп шайлангандын эртеси эле финансисттерди, экономисттерди чогултуп алып “2-3 жылдын ичинде тышкы карыздан кутулуп, экономикалык кризистен кантип чыгабыз” деген маселени талкуулаганбыз. Ошондо сырттан карызга ала бербей, өзүбүздөгү кен байлыктарды иштетсек болот экен деген пикир айтылган. Жетим-Тоону иштетүү үчүн 2-3 жыл убакыт керек. Ошон үчүн Жетим-Тоону унутуп эле койгулачы.

Анан “Жунус уулу Адыл Кытайдан келген депутат экен” деп айтып жатат. Ал жигит 30 жылдан бери бул жакта жашайт. Ал китепкана, жер саткан талапкерлерге караганда бул жигит Кыргызстага 100 эсе, 1000 эсе пайда алып келген” – деди ал.

Ошондой эле, Садыр Жапаров Жеңиш Молдокматовдун “Жапаровдун Бишкектеги штабынын имараты Адыл Жунус уулунуку экен, булар “Кытайдын шпиондору” деген сөзүнө жооп берди.

“2010-жылы “Ата-Журт” партиясынын штабы болгон. 2007-жылы достор болуп салдык эле, 2010-жылы курулуп бүткөн. Революция болуп кеткенден кийин парламенттик шайлоого катышып, ал имаратты “Ата-Журттун” республикалык штабы кылганбыз. Мен оппозиция болгондон бери (2010-жылдан бери) ал имаратты бир да күн иштетилбей келген. Анан мен түрмөдөн чыккандан кийин актап, сырдап, штаб кылдык”, – деди ал.

Ал Жетим-Тоо иштеп калса, ал жерде Нарындын эли, жергиликтүү тургундар иштей турганын кошумчалады.

“Молдокматов “Нарын суусуна зыянын тийгизет” деп айтып жатат. Жетим-Тоого цианид же химикат колдонулбайт. 20 жылдан бери Кумтөрдөн Нарын суусуна цианид агып жатат, 20 жылдан бери эл ал сууну ичип жатат. Жеңиш Молдокматов иниме айтат элем: 20 жылдан бери талкан сугунуп отурдуңбу? Ошол сууну сенин ата-энең, бир тууганың ичип жатат”, – деп кошумчалады Жапаров.

Садыр Жапаров элге кайрылуусу жасап, ушак-айыңдарга ишенбөөгө чакырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: