Белгилүү киноактер, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына жана анын өмүрлүк жары Салима Шабазованын элесине арналган “Эсимде” аттуу көргөзмө 15-октябрда ачылып, Чокморовдун туулган күнүнө (10-ноябрга) чейин көрсөтүлөт. Бул тууралуу Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт өнөр музейинен бүгүн, 11-октябрда билдиришти.
Алардын айтымында, көргөзмөгө Сүймөнкул Чокморовдун 80-жылдардын аягында, ооруп жүргөндө тарткан сүрөттөрү биринчи жолу коюлат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ