Иш-чара кечээ Сузак районунун Барпы айылында болуп өттү. “Айтыш” фондунун “Төкмө келсе, төр бошот” долбоорунун алкагында эл акындын Ачы айылындагы үйүнө барышып, анын ырларын аткарышты. Ошондой эле Барпы айылындагы үй-музейде да болушту. Борбордук стадиондо сахна орнотулуп, боз үйлөр тигилип, Жалал-Абаддагы өкмөт өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов, район акиминин орун басары Төрөгелди Түркбаев, коомдук ишмерлер, маданият жана кино ишмерлери барды. Спорт сүйүүчүлөр үчүн Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынан балбандар келип, “Алыш” боюнча мелдештер уюштурулду. Кечинде Барпы атындагы драмалык театрында төкмө акындар катышкан чоң концерт коюлду.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ