Menu

Келдибек Ниязов, КР эл артисти: Турдакун Усубалиев эки сөзү менен көлдүн үстүн кантип тартипке келтирген?

Бөлүшүү:

80-жылдардын орто чени болсо керек, баягы эле толбогон планды толтурабыз деп көлгө жөнөп калдык, сентябрь айынын ортосу болуп калган. Жетекчибиз Эстебес Турсуналиев. Эстекени барган жердин баары сыйлап турчу эле. Чолпон-Атанын чоңдору тосуп алып: “Эстеке, сезон бүтүп, өзүбүз калган убакта келгениңер аябай жакшы болду, силерден артык кишилер жатмак беле” деп өкмөттүк дачага жайгаштырып калышса боло. Көр-жерди таштап тамакка чыксак көлдүн үстү жалтырап эмнегедир балык кармаган кайыкчылардын бири да жок. Эстебес байке суу көрсө эле кайырмак ыргытып калмайы бар эле. Балык кармагыч жаны тынчыбай: “Ой, кайык менен балык кармагычтар каякка кетишкен? Көлдүн үстүн бербей эле жабалактап жатышчу” – эле, десе Асанкул куудул: “Сезон жабылды дешип ичтери ачышып баары оптом чөгүп кетишкен го”, деп күлдүрүп калса боло. Баягы бизди тоскон чоңдор: Эстеке, быйыл августтун башында Турдакун Усубалиевич атасы менен келип 1 жума эс алып кетишти. Келгенде Турдакун Усубалиевич: «Менин келгенимди эч ким билбесин дагы келбесин, зарыл жумуш болсо
өзүм байланышам», – деди. Эмне кылабыз, а кишинин айтканы закон да, бирок кирип чыккандардан кабар алып турдук. Көрсө ал киши улгайган атасын эки маал кумга жылаңайлак 1 сааттан бастырат экен. Анан атасын кумга отургузуп коюп, өзү аябай көлгө түшөт. Чындыгында Турдакун Усубалиевич сууда аябай жакшы сүзөт. А кишинин жанында көлдүк биз караандабай калабыз деп каткырышты. Ошентип кетээрине 1 күн калганда а киши айттырыптыр, эртең саат онго көлдүн тегерегиндеги чоңдор, бүт пансионаттардын жетекчилери, күч органдарынын башчылары чогулгула деп. Чогулдук, чочуп турабыз, эмнебизден жаздык деп. Турдакун Усубалиевичтин көлдө 1 жума эс алганын угуп таң калып турушат көбү. Ал киши аркы-беркини айтып, мындай деди: «Жолдоштор, менин көлгө келгениме 1 жума болду. Сезонду жакшы аяктапсыңар, бирок эмне көлдүктөр жабыла эле балыкчы болуп кеткенсиңерби? Күнү деле, түнү деле кайык менен балык уулагандар. Мейли балык уулашсын, бирок ушунун баары турмуш кыстаганда каякка барышат?» – десе боло. Эмне дээрди билбей мукактанып туруп калдык. Жээкте дейин десек, кээ бир балыкчылар жээктен 300-500 метрге чейин кетишет.
Усубалиевич баарыбызды кыдырата карап: «Көлдү ушул жайнаган балыкчылардан тазаласаңар анан көлдү тазалаган болосуңар», – деп чыгып кетти. Эртеси эле ызы-чуу түшүп балыкчыларды, кайыктарды учётко алып, штрафты очойтуп таштадык эле, Эстеке, көлдүн үстүндө кайык да жок, балыкчылар дагы жок, колубуз таптаза болуп калганда келбедиңерби деп, дагы каткырышты. Быйыл сезондун алдында бир бакырып алдык эле, мотору бар кайыктарды, скутерлерди көлдүн үстүнөн жок кылабыз деп. Сезон учурунда алар өчөшкөнсүп өзгөчө көп болду го, чоңдор? Сөзсүз эле Сооронбай Шарипович эс алып барып айтыш керекпи? Жергиликтүү атка минерлер өзүңөр дагы аракет кылбайсыңарбы?!

Келдибек Ниязов, КР эл артисти

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 67 = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: