Түркиянын Анталия шаарынын Серик районундагы полиция кызматкерлери сексуалдык кулчулукка кабылган кыздарды куткарышты. Бул тууралуу «Haberler.com» басылмасы жазып чыкты.
Алардын маалыматына караганда, полиция кызматкерлерине чет өлкөлүк кыздар сексуалдык кулчулукка кабылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Алар айтылган дарекке барып, 7 (бешөө түркиялык, бирөө кыргызстандык , бирөө молдовалык) кыздарды куткарышкан. Тинтүү учурунда уюлдук телефондор жана 860 түрк лирасы табылган. Шектүүлөр жабырлануучуларды 4 үйдө кармап, иштетишкен. Кармалгандардын бешөө шектелип, камакка алынып, тергөө иши башталган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ