2020-жылдагы парламенттик шайлоолор үчүн Кыргызстандын мамбүджетинен 1 миллиард 200 миллион сом кетмей болду. Бул асман чапчыган сандарды жакында эле премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев атады. Эмнеге асман чапчыган сандар деп жатабыз, мурда шайлоолорго канча кетчү?
Мисалы, 2017-жылдагы президенттик шайлоого 539,5 млн сом королгон. Экинчи тур болуп калса деп, 132 млн сомду да кармап турушкан. Ал эми эмки шайлоодо агезден эки эсе көп каражат кеткени турат. 2015-жылдагы парламенттик шайлоого 238 миллион 895 миң сом кеткен. Кийинки шайлоо мындан 5 эсе кымбат болуп жатпайбы. 5 жылдын аралыгында! Эмнеге мынча көп коромжу болорун өкмөт ачыктабады. Акчабыз деле ашып ташып кеткени жок. 2020-жылга карата бүджетин таңсыктыгы 9 млрд 953 млн сомду түзөт. Бул тешикти өкмөт кантип жабат? Кийинки жылы мамлкеттин чыгымы 173 млрд 663 млн сомду түзөт экен. А шайлоого бир миллиардын чачып жатабыз. Бул сумма кайдан чыкканын териштирген эл өкүлдөрү барбы?
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ