Бүгүн, 10-октябрь күнү Түркмөнстандын Ашхабад шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков КМШга катышуучу мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин кезектеги жыйынына катышып жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Тышкы саясий ведомстволордун башчылары тышкы саясат, аскер жана гуманитардык чөйрөлөрүндө Шериктештиктин өлкөлөрүнүн өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашат. Тараптар маалыматтык коопсуздук жана баңгизат соодасына каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү документтерди карашат.
Кеңешменин жыйынынын катышуучулары ошондой эле 2019-жылдын 11-октябрында Ашхабад шаарында КМШ мамлекеттеринин башчыларынын Кеңешинин жыйынына киргизиле турган документтердин бир катар долбоорлорун жактырышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ