26-сентябрда кызматтык унаасы менен 52 жаштагы аялды өлтүрө сүзүп кеткен Фергана облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) лейтенанты дале болсо иштеп жүрөт.
Маалыматка караганда, ал мас абалындагы милиция кызматкерлерин аныктоо боюнча рейд жүргүзүп жүргөн кесиптештеринен качып баратып Гавхар Рахимова аттуу жаранды сүзүп кеткен.
Бул окуя боюнча облустук прокуратура кылмыш ишин козгоду. Лейтенант «Кокустуктан адам өлтүрүү» беренеси боюнча айыпталууда. Ал күнөөлүү деп табылса, эки жыл коомдук жумуштарга тартылып, же бир жылдан үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Лейтенант камалбагандыктан, учурда ал өз кызматында иштөөсүн улантып жатат.
ОИИБнин аты-жөнүн билдиргиси келбеген кызматкеринин айтымында, текшерүү маалында жол кырсыгына күнөөкөр инспектордун канынан аз өлчөмдө алкоголь табылган. Бирок айрым кесиптештери ал «арак ичпеген, үлгүлүү кызматкер» экенин билдирип, аялды кокустан сүзүп алганын билдиришүүдө.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ