“Өнүгүү-Прогресс” партиясы алдыдагы парламенттик шайлоого катышуудан баш тартууда. Бакыт Төрөбаев социалдык тармактардагы баракчасына бул маселе боюнча комментарийде билдирди.
Белгилей кетсек, партия Борбордук шайлоо комиссиясына катталуу үчүн документтерин тапшырган эмес.
“Эмне үчүн биз шайлоого катышпайбыз деп чечтик? Биринчиден, азыр пандемия болуп жатат. Экинчиден, мындай шартта шайлоочулар партиянын идеялары менен программаларына жана билим берүү, медицина, айыл чарба жана экономика жаатындагы реформаларга добуш бербейт. Бул шайлоо абийир менен ач көздүк, кайдыгерлик жана акыйкаттыктын ортосундагы күрөш болот. Өлкөнүн келечеги жөнүндө ойлогон ар бир жаран туура чечим чыгарат деп ишенем ” – деди Төрөбаев.
Бирок, ал белгилегендей, партия келечектеги шайлоого катышууга ниеттенүүдө. Ал жакында саясий пландар, алдыдагы шайлоолор, башка партиялар жана кадр маселеси боюнча билдирүү жасайт. Ошондой эле жакында пайда болгон ушак-айыңдарды четке кагат.
Белгилей кетсек, буга чейин маалымат каражаттары булактарга таянып, Төрөбаевдин «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесине түшөрүн кабарлаган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ