Алмаз Атамбаевдин мурунку жан сакчысы Эркин Мамбеталиевдин атынан соцтармактарда төмөнкүлөрдү жазып чыгышты:
“Эми ушундан саясат жаcабай эле коюшса болмок. Бардыгыбыз кыргыз-тажик чегарасындагы абалды көрүп турабыз. Чегарадагы акыркы окуялардан кийин чын жүрөгүмөн чегарачыларга белек тартуулагым келди. Мен тапшырып жатканда, белгисиз себептерден улам чегара кызматынын кызматкерлери жок болуп калды. Бул оюнду кайсыл саясатчы баштаганын билем. Азыр ички иштер министринин ордун мээлеген генералдар бар. Алар өз максатына жетүү үчүн эптеп сени жаман көрсөтүшү керек да”.
А эмнеге министр болуш үчүн сөзсүз эле Эркин Мамбеталиевди жаман көрсөтүшү керектиги түшүнүксүз.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ