ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарын бузгандыгы үчүн Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти Өзбекстандан келген өсүмдүк продукциясын кайтарып берди. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы маалымдай.
Кечээ, 15-декабрь күнү кыргыз-өзбек чек арасындагы Ош облусунда «Достук», Баткен облусундагы «Кызыл-Кыя» фитосанитардык контролдоо пункттарында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин адистери бир убакта карантинге алынган 60 тонна көлөмүндөгү Өзбекстандан чыккан жаңы коонду контролдон өткөзүштү.
Фитосанитардык тобокелдиги жогору болгон карантинге алынган продукция автомобилдик жүк ташуу менен Өзбекистан Республикасынын аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына сатууга багытталган.
Карантиндик фитосанитардык контролду жүргүзүүдө карантинге алынган продукциянын Евразиялык экономикалык биримдигинин жана Кыргыз Республикасынын фитосанитардык тармагындагы мыйзамдарынын талаптарына туура келбегендиги жана эреже бузуулары аныкталган. Продукцияны кайра кайтаруу жөнүндө чечим кабыл алынды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ