Menu

Арзыбек Кожошев, экономика министри: “Бизде экономика боюнча жазган журналисттерибиз азыраак экен”

Бөлүшүү:

Диктофон, ноутбук, фотоаппарат, тынымсыз ары-бери чуркоо менен тыным алганды билбеген бул басма сөздө иштеген адамдардын күнүмдүк иши. Дене табың 40 градуска чыгып жатса, алар термометрди эмес, алгач калемди кармайт. Маалымат деген алдына тосмо коюп токтотуп турчу нерсе эмес да. Өз маалында берип калбасаң, эртең жарабай калышы мүмкүн. Түйшүгү түмөн, жоопкерчилиги жогору болгон кесипте калемдин арасында жашап, өз ишинин чыныгы фанаттары гана чыдабаса, баардык адам чыдай бербейт. Чыдамкайлыгы менен көп түйшүктү көтөрүп келе жаткан “басмачылар” 7-ноябрь күнү кесиптик майрамын тосушат. Урматтуу кесиптештер, ар бир башталган күнүңөр ийгиликтерге жетелеп, ден-соолукта болгула.

— Бизде экономика багытында жазган журналисттер сиздерге жетишээрлик жардам бере алышабы?

— Журналисттердин мамлекет үчүн кошкон салымы өтө чоң деп ойлойм. 25 жылдан бери жетишкендиктерибизден эмне менен сыймыктанасыңар десе үч-төрт нерсени айта алам. Ошолордун бири биздин журналисттердин эркиндиги деп эсептейм. Башка мамлекеттерге караганда тыюу салуу жокко эсе. Мамлекеттин өнүгүп жатышына чоң салым кошуп жаткандардын бири журналисттер. Сиздин сурооңузга келсек экономика тармагына министр болуп бир нерсени байкадым. Бизде экономика боюнча жазган журналисттерибиз азыраак экен. Атайын журналисттерди экономика багытында окутуп, үйрөтүп чыгарбаса, жалгыз саясатты гана чагылдыруу менен экономикалык темада үстүртөн жазган журналисттерибиз алыс барбайт. Жогорку окуу жайларында атайын адистикти киргизбесек дагы жок дегенде курстарды ачуубуз зарыл. Үстүртөн жазган менен экономиканын ийне-жибине чейин казып жазган такыр башка нерсе. Кээ бир макалаларда экономикалык терминдер туура эмес жазылып, же бурмаланып кетип жатат. Ал эми жалпысынан алганда журналисттерибиз, өзгөчө гезиттин журналисттери дайыма оперативдүү иштегенин байкап жүрөм. Басма сөз күнү бир жылда бир келип жаткандыктан кут болсун. Ар бириңиздердин калемиңиздерден чындыктын гана үнү жаңырышын каалайм.

Булак: Жаңы Ордо 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: