Menu

Өзбекстанда 59 наристе ууланган бала бакча жабылды

Бөлүшүү:

59 наристе ууланган Ташкент облусунун Бекабад районундагы бала бакча убактылуу жабылды.

Өлкөнүн Мектепке чейинки билим берүү министрлиги кабарлагандай, 9-10-ноябрь күндөрү бул бала бакчада ууланган 62 наристе райондук ооруканага жаткырылган.

Мекемеден билдиришкендей, текшерүү маалында бакчадагы муздаткычтын иштебегендиги аныкталган. Мындан тышкары анда жер-жемиштерди тазалоо жана даярдоо үчүн атайын өзүнчө бир бөлмө болгон эмес.

«Эпидемиологиялык чараларды көзөмөлдөө жана жергиликтүү адистерге жардам көрсөтүү үчүн Саламаттык сактоо министрлиги инфекцинисттер менен эпидемиологдордун тобун жөнөттү», — деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Акыркы маалыматтарга ылайык, 7 баланын абалы жеңил, калгандарыныкы орто деп бааланууда. Жергиликтүү басылмалар кабарлагандай, 10-ноябрда 20 бала ооруканадан чыгарылган.

Жергиликтүү прокуратура «Санитардык мыйзамдарды же эпидемияга каршы күрөшүү эрежелерин бузуу» беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө иштери уланууда.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: