Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Кыргыз Республикасынын Венгрия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Кыргыз Республикасынын Словения Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Кыргыз Республикасынын ЕККУдагы жана Вена шаарындагы жана башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү Жусупов Бакыт Алиевич Вена шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Словакия Республикасындагы жана Чех Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ