Бүгүн, 11-октябрда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда саат 10:00дө башталмак.
Бирок саат 10:00гө конвой абакта олтурган айыпкер Алмаз Атамбаев менен Калыбек Качкыналиевди сотко алып келе алган эмес. Сот процессти саат 11:00гө жылдырып, айыпкерлерди алып келүүнү талап кылды.
Саат 11:00дө күч органдары Калыбек Качкыналиевди алып келишти, бирок, Алмаз Атамбаев “сотко барбайм!” деп каршылык көрсөтүп, келбей койгонун билдиришти. Сот процессти Атамбаевдин келбей койгондугуна байланыштуу 14-октябрга саат 14:00гө жылдырды.
Сот отурумуна аты аталып келаткан мурдагы башкы прокурорлор – Аида Салянова менен Индира Жолдубаева барып, бат эле чыгышты. Сыртта турган журналисттер экөөнө суроо узатканда, Жолдубаева жооп берүүдөн баш тартып качты. Ал эми Салянова Батукаевдин ишине байланышпаган бир нече суроолорго жооп берди.
Эскерте кетсек, оор кылмыштар үчүн 16 жылга соттолгон Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы 9-апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде түрмөдөн мөөнөтүнөн 8 жыл мурда бошотулуп, атайын коштоо менен джипте Бишкекке жеткирилген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга жеке менчик самолет менен учуп кеткен. Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн. Атамбаев бийликте турган үчүн бул иш жабык бойдон калган. Сооронбай Жээнбеков президент болуп келгенден кийин, алты жылдан кийин, бул иш кайра козголуп, бир топ тиешеси бар адамдар тергөөдө сурак берип, үй камагына чыгып отурат. Жыйынтыгында, Атамбаев өзү да абакка отуруп калды, тагырагы, Батукаевдин ишине байланыштуу ага «уюшкан кылмыштуу топтордун кызыкчылыгында уюшулган коррупция» беренеси боюнча айып коюлган. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында камакта.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ