Menu

Алга Кылычев “закрывашкада” жатып алып, шефи Атамбаевге каршы көрсөтмө бергени саткынчылык катары бааланат

Бөлүшүү:

КСДПнын саясый кеңешинин мүчөсү Алга Кылычев шефи Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берип, мамлекеттик төңкөрүшкө даярдануу ж.б. боюнча божураганы ЖМКларга тараган. Аныгында, ал тергөө менен кызматташып, жеңил жаза алуу жолунда камактан чыгып кетүүгө аракет кылып атса керек. Бирок, бир командада жүрүп, жолбашчысын сатып кетүү абийир астында кечирилбесин туйган жокпу? (Эске салсак, Чыңгызхан саткынчыларды эч качан аяган эмес, өлүмгө буюрган). Учурда Алга Кылычев «закрывашкада» (жабык жайда), өзгөчө шартта кармалып (мурдагы АКНдин камерасында), күч органдарына билген маалыматтарынын баарын айтып, кара башын куткарып кетүү амалында экени каңкууланууда. Жакында Кылычев үй камагына чыгышы мүмкүн, бирок, ал коом астында абийирин төгүү менен эл аралап кантип басат? Негизи саткынчылар кайсы тарапта гана болбосун жексур көрүнөрү ырас го? Ошон үчүн өзүнө ишенбеген туруксуздар саясаттын чоң казанында кайноодон мурун ойлонушу керек эле.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − 61 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: