Чыныгы оппозициялык кыймыл аталган уюмдун лидери Назарбек Нышанов Бишкектин Горький паркында миңдеген кишилер чогулган митинг өткөрөм деп күпүлдөгөн эле. Бирок бүгүн, 15-октябрда аны колдоп, аянтчага 5 киши гана келди, анын бирөөсү – мектеп окуучусу. Анын максаты бийлик элитасын люстрация кылуу менен жаңылап чыгуу.
“Парламенттеги олигархтарда өзүн-өзү сактап калуу куралы күчтүү экен, ошондуктан Жогорку Кеңешке жалаң коррупционерлер келгидей мыйзамдарды чыгарып жатышат. Мындай абалдан чыгуунун жолу – коррупционерлердин тизмесин түзүшүбүз керек, бул тизмени эл өзү түзөт. Менимче, ал тизмеге бери дегенде 10 миң киши кирип калат го”, – дейт активист. Ал эми митингине элдин келбей койгонун анын тараткандай эти, наны, акчасы жок экендигин менен түшүндүрдү.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ