Menu

Видео – Анарбек Усупбаев, “Манас Ордо” коомунун төрагасы: «Кичинекей кыздарды медресеге окутуп, араптарга болочок токолдорду даярдап жатышат»

Бөлүшүү:

Бүгүн, 17-октябрда «Теңирчилик» дин борборунун мүчөлөрү: Анарбек Усупбаев (“Манас Ордо” коомунун төрагасы), Кубан Тезекбаев (“Теңирчилик” дин уюмунун төрагасы), Арсланбек Малиев (экс-депутат, экономика илимидеринин кандидаты), Мелис Арып (жазуучу, Теңирчилик дининин дүйнөлүк борборунун башкы катчысынын милдетин аткаруучу) журналисттерге жыйын өткөрүштү. Алар Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Зайырбек Эргешов кечээ парламентте калп айтып, президентти, депутаттарды, коомчулукту  алдаганы үчүн  кызматынан кетишин талап кылышты. Ошондой эле алардын уюму 2012-жылдан бери каттоодон өтүү боюнча арыз берип, бирок, каттоодон өтө албай келаткандарына, бул маселе боюнча президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, жооп ала албай жаткандарына нааразы болушту.

Анарбек Усупбаевдин айтымында, теңирчилик уюм коомчулукка коркунуч жаратпайт, анын  максаты илгертен кыргыздын каада-салтын коомчулукка туура жеткирүү, пайдалануу.  “Эшегине жараша тушагы”,-дегендей, парламент ошондой болууда. Депутаттардын арасынан Кыргызстандын келечегин сүйлөгөн бирөөсү болсо болоор, калганы кайрадан парламентке келсек деген шордуулар. Ушулардын алдында кечээ Зайырбек Эргешов калп айтты. Ошон үчүн анын отставкага кетишин талап кылып жатабыз. Анын үстүнө дин комиссиясынын баштары мечиттен чыкпайт, зыярат кылып. Бизге араптардын идеологиясынын эмне кереги бар, “медреселерди ачкыла!”,-деген?! Балдардын келечегин ойлош керек! Кичинекей кыздар шордуулар? Эми аларды ата-энеси алып барып жатат дечи. Алар ошол кичинекей кыздарды араптарга болочок токолдорду даярдап жатышат. Көрүп атасыңар го, кичинесинен эле турмушка берип жатат, алар төрөй албай каза болуп калууда… Мына, ошондой болбойлу деп жатабыз, кыргызга каршы иш кылган жокпуз. Биз кыргыздын тарыхын, санжырасын. салт-санаасын, үрп-адатын билсин деген гана максатты айтып жатабыз. Биз “бар, өлтүргүлө!”,-дебейбиз. Ушундай негизде ачылган нерсенин баарын жабуу керек!”,-деди А.Усупбаев.

Анарбек Усупбаевдин айткандарын төмөндөгү видеотасмадан көрө аласыздар:

Эске сала кетсек, кечээ, 16-октябрда, парламентте депутаттар «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулашкан. Ага Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Зайырбек Эргешов катышып, өлкөдө каттоодон өтпөгөн 20 экстремисттик уюм табылганын, теңирчилер диний уюм катары каттоодон өтпөгөнүн айткан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: