Ырчы Анжелика COVID-19 жана пневмония менен ооруган адамдар үчүн кычкылтек концентраторлору үчүн 85000 доллар чогултту. Ага акча каражатын чогултуу үчүн ыктыярчылар, ырчылар жана блоггерлер жардам беришкен.
Ырчынын айтымында, алар 200гө чукул кычкылтек концентраторуна буйрутма беришкен, алар жакында Бишкекке келиши керек. Чогулган акча дары-дармектерге, кычкылтек концентраторлоруна, дарыгерлердин айлык акысына, тамак-ашына жана алардын үй-бүлөлөрүнө азык-түлүккө жумшалат.
“Учурда эл өзүнүн ынтымагын, биримдигин, күчтүүлүгүн көрсөтүп жатат. Сиздерден келген акчанын баары дары-дармектерге жумшалат. Биз кандай дары-дармектер керек экендигин сурап жатабыз, ушул өтүнүч боюнча бардыгын сатып алабыз. Бирок азыр бизде адамдар, дарыгерлер жетишпейт. Жумушу жок арыгерлер бар болсо, бардыгын жардам берүүгө чакырабыз, айлык акы төлөп беребиз. Бейтаптардын саны саат сайын өсүүдө. Баары жакшы болот деп ишенем” – дейт ырчы Анжелика.
https://www.instagram.com/tv/CCL2l3vl6U6/?igshid=1551qeb5bnzgq&fbclid=IwAR2bWAI279MEcWZ3geCLwrhX4s1dwE8ARH-SyLHSMKqSUkp_cHSEJdQJpuk
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ