Menu

Мамкаттоонун орун басары Туйбаева кимдерди “туйлатып” жатат?

Бөлүшүү:

«Бир карын майды бир кумалак чиритет» дегендей, мамкаттоонун төрага орун басары Айнура Туйбаева акыркы кездери интригага белчесинен батып, кол астындагыларга кыргыйдай тие баштаптыр. Анан калса, «көчүк чукумай» жагынан да адистешип кеткенин айтышууда. Айдоочулук күбөлүк берген автомектептердин директорлоруна куугунтук кылганы, ишке тоскоолдук жаратканы кандай?

«Унаа» мамлекеттик ишканасынын директору Алымжан Козубаев системадагы коррупцияга каршы күрөшүп, коллективди тазалап, заманбап шартка жараша жаңы мекемелерди ачып атса, ага мурдун чүйрүп, артын текшертип, үстүнөн арыз жаздырууга далбастап, айтор, ичине таруу айланбагандай амалдарга барып атканы айтылууда. Мамкаттоодогуларга Айнура Туйбаева «баба ягадай» эле жүрөккө баттыбы? Бул минтип «туйлаткан» өнөрүн таштабаса, өзүнүн арты чукулуп, шектүү изи тизмектелбейби? Буга чейин Туйбаева кайсы жетекчилерди коррупцияга түрткөнү боюнча ачыкталабы? Өзүнүн да өтмүшү өлө кызык экен…

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 6 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: