Орусиянын Оренбург (Орунпор) облусунун Казакстан менен болгон чегарасынан Кыргызстандын Каракол шаарынан бараткан фура токтотулуп, текшере келгенде, Орусияда сатылууга тыюу салынган сыр болуп чыккан. Бул тууралуу 16-октябрда Оренбург облусунун Россельхознадзор башкармалыгы билдирди.
Сыр Польшада чыгарылган, аны Москвага Кыргызстандын сүт иштеткен «Ак-Булак плюс» ЖЧКсынын маркасы астында № 2 формасындагы ветеринардык сертификат менен алып баратышкан.
Сыр сакталган кутуларда Поьшанын ишканасы жазылган. Ал эми Польшанын мындай продукциясын Орус Федерациясына киргизүүгө президент тарабынан тыюу салынган.
20 тонна сыр дароо алынып, жок кылынганы калды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ