Menu

Польшада адамдарды жоочулукка үндөөгө шектелген төрт тажик жараны кармалды

Бөлүшүү:

Польшада адамдарды куралдуу кол салууга үндөөгө аракет кылган деген шек менен Тажикстандын төрт жараны кармалды.

11-майда Польша өкмөтүнүн өкүлү Станислав Зарин кармалгандар өлкөдөн чыгарылып, Шенген аймагына кирүүгө тыюу салынарын билдирди.

Анын айтымында, тажик жарандары 7-майда өлкөнүн Ички коопсуздук агенттиги топтогон маалыматтардын негизинде кармалган. Алар «Ислам мамлекети» (ИМ) террордук тобунун идеяларына шыктанып жүрүшкөн, бирок бул уюмдун мүчөсү болушкан эмес.

Ушул айдын башында Албанияда Германия террордукка айыптаган тажик жараны Интерполдун жардамы менен колго түшкөн. Жергиликтүү маалымат каражаттары ал 24 жаштагы Комром Зухуров аттуу адам экенин, ИМ тобунун мүчөсү деп шек саналып жатканын жазып чыгышкан.

Анын алдында Германияда 15-апрелде «Ислам мамлекети» уюмунун мүчөлөрү деген шек менен Тажикстандын төрт жараны камакка алынган. Полиция алар Түндүк Рейн-Вестфалия аймагынын ар кайсы жерлеринен колго түшкөнүн, Германиядагы АКШнын аскердик жайларына кол салууну көздөп жүрүшкөнүн билдирген. Колго түшкөн 24-32 жаштагы жарандар Германияда качкын катары жашап жүрүшкөн.

Прокурорлордун айтымында, алар алгач өз мекенинде кол салуу уюштурууну көздөшкөн, кийин оюн өзгөртүп, Германиядагы АКШнын аскердик жайларын жана ислам динин сындаган деген бир адамды бутага ала башташкан. Алар Сириядагы жана Ооганстандагы «Ислам мамлекети» террордук уюмунун жогорку даражалуу эки өкүлү менен такай байланышта болушкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: