Menu

Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаев Алга Кылыч менен беттешүүдөн баш тартты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 18-октябрда мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин абактагы жансакчысы, УКМКнын 9-кызматынын мурунку кызматкери Канат Сагымбаев абактагы КСДПнын мүчөсү Алга Кылычев менен беттештирүүдөн баш тартканы маалым болду. Мындай маалыматты анын адвокаты Бакытбек Автандил уулу журналисттерге билдирди.

Эскерте кетсек, 24-сентябрда, кечке маал Аскер прокуратурасы Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаевди КР Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Адам өлтүрүүгө катышуу” жана “Массалык баш аламандыктарды уюштуруу” беренелери боюнча айыптап, суракка чакырып, 48 саатка камакка алган. 26-сентябрда, анын баш коргоо чарасы Биринчи май райондук сотунда каралып, анда адвокат аны үй камагына чыгаруу боюнча суранган. Анын өтүнүчү четке кагылып, Бишкектеги №1 тергөө абагында кармоо чечими чыккан.

Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев тергөөдө Алга Кылыч Атамбаевге каршы көрсөтмө берип, укук коргоо органдары менен кызматташып жатканын октябрдын башында айтып чыккан. Анын айтымында, Алга Кылыч Атамбаев бийликти басып алууну каалаганын, Кундуз Жолдубаева, Амантур Жамгарчиев, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаевдер башаламандык уюштурганын жана “Альфанын” кызматкерлерин туткунга алышканын айтып, аларга каршы көрсөтмө берген. Ушундан улам Канат Сагымбаев аны менен беттештирүүдөн баш тартып койсо керек…

Ал эми Алга Кылыч 9-августтан 10-августка караган түнү кармалып, камакка алынган. 10-августта Биринчи май райондук сотунда анын бөгөт чарасы каралып, 7-августтагы Кой-Таштагы Атамбаевдин үйүндөгү окуялар боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин “Адамды барымтага алуу” жана “Массалык баш аламандыктарды уюштуруу” беренелери боюнча айыпталып, Бишкектеги СИЗО-1 абагына камакка алуу чечими чыккан.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − 61 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: