Кыргызстандын Орусиядагы миграция боюнча мамкызматынын өкүлчүлүгүнө 45 кыргызстандык “Стройинвест” ЖЧКсы 1 млн 454 миң 919 рубль айлык акысын төлөбөй жатканы боюнча арыз жазышкан. Компания Орусия Федерациясынын Ыраакы Чыгыш округунун Петропавловск-Камчатский шаарында жайгашкан.
9-октябрда биздин өкүлчүлүктүн кызматкери “Стройинвест” ЖЧКсынын башкы директору А.Ильичев жана “Интегратор” ЖАКынын башкы директору С.Савинов менен жолукту.
Өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында жумуш бергендер айлыкка болгон карыздын 750 миң рублин жабышкан. Калганын буйрутма берген тарап курулушту кабыл алгандан кийин төлөнүп берилмекчи.
Ошондой эле биздин өкүлчүлүктүн кызматкери Камчатка крайы боюнча Тергөө комитетинин тергөө башкармалык бөлүмүнүн жетекчи орун басары А.Бартоль менен жолугушуп, КР жарандарынын карыз боюнча арызын карап көрүүнү өтүндү.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ