Menu

Төрөбай Колубаев, коомдук ишмер: “Атамбаев шымын тизесине чейин көтөрүп, бутун көрсөтүп, “Төрөбай, мен кантип Кыргызстанды башкара алам? Мен оорулуу адаммын…” деп өзү айткан”

Бөлүшүү:

-Төрөбай мырза, сизди Атамбаевдин бийлиги мамлекеттик төңкөрүш жасоого даярдык көргөн деп түрмөгө олтургузду. Тергөө учурунда же соттук процессте коюлган айыптарды далилдей алыштыбы? Кайсыл фактыны бетке кармашты?

– Бизге каршы 75 күбөнү көрсөтмө бересиңер деп даярдашканы сотто билинип калды. Даярдаган адамдарынын кээ бирлери жазганды билбейт экен. Жазганды билбеген бир келин чыкты, күйөөсү жазганды билет экен, аны УВДга алып келип “Талгарбековго каршы көрсөтмө бересиң” деп сабашыптыр. Муну күбө болгондор өздөрү сотто “Бизди көрсөтмө бересиң деп коркутушканынан кол коюп бергенбиз” деп айтып салышты. УКМК көпчүлүгүнө эч нерсени окутпай эле кол койдуруп алыптыр. Соттук процессте көрсөтмөнү окуганда эле “Биз минтип айткан эмеспиз. Алдап кол койдуруп алышкан” деп чыгып атышты. Сатыбалдиев Эсен дегенге шаардагы көрүстөндөрдү тейлеген кызматтын жетекчисинин орун басары кылып иш беришкен экен, 75 адамдын ичинен ошол гана Бекболот Талгарбековго “Талгарбеков төңкөрүш жасайбыз деп айткан” деп, мага болсо “Толубаев лифтте журналист Токтобай Мүлкубатов менен чогуу келатып, Биринчи Май районунан 7-апрелдей кылыш керек деп айткан” деп көрсөтмө берди. Токтобай Мүлкубатов дагы сотко чакырылып “Бул баланы биринчи жолу көрүп жатам. Мурун көргөн эмесмин. Төрөбай Колубаев менен чогуу лифтте бирге болбогом” деп көрсөтмө берип, Эсен жалган көрсөтмө бергенин далилдеп койгон. 75 адамдын 74ү көрсөтмөлөрүнөн баш тартып, бир эле Эсендин көрсөтмөсү менен Талгарбеков экөөбүзгө 12 жыл берди.

– “Чашкага атам” деп сүйлөп жаткан аудио үнүңүздү коомчулукка жарыялашпады беле. Бул сүйлөшүү ким менен болгон?

— Мунун баарын Абдил Сегизбаев “Белизгейт” сыяктуу жасап, аудио жазууну коомчулукка жарыялап, бизди каракчы көрсөтүүгө аракет кылган. Сотто мунун баарына далил табышкан жок. Менин үйүмдү тинтүүгө алганда тапанча же акча чыккан жок. Сегизбаев өзү айыл чарба тармагында окуп, кыргыз элин мал сыяктуу көргөн. Эгер мыкты журналист болгондо, мынчалыкка барбайт эле. Мен Сегизбаевдин өзүнө телефондо чыгып сүйлөшкөм. Ал ошону жаздырып алып, ошол сүйлөшүү боюнча иш козготподубу. Кылмыш-Жаза Кодекс боюнча мен Сегизбаевди телефон аркылуу коркутсам, мага 20 миң сом айып пул салынмак. Өзүнө барып бычак же тапанча такап коркутсам, ошондо 5 жыл бермек. Кыргызстандын ичинде миңдеген адамдар телефон менен бири-бирин сөгүп сүйлөшүшөт. Азыр деле эки адам телефондо сүйлөшкөндө президент Сооронбай Жээнбековду сөккөн учурлар жок дейсиңерби? Сөзсүз бар да. Сегизбаевге ачуум менен “Минтип салам” деп айтып жатсам, прокурор аркылуу эле “Мындан кийин антип коркутпай жүр” деп эскертүү берип койсо деле болмок. Ал болсо экөөбүздүн сүйлөшкөнүбүздү жаздырып, ага дагы 5 жыл берди. Ошону менен 17 жылга кесишкен. Бекболот Талгарбековго Эсендин жалган көрсөтмөсү менен эле 14 жыл беришти. Тойгонбек Калматов менен Александр Гусевди шарттуу түрдө соттошкон. Азыр эле Гусевдин сотунан чыктым, ал кишиге 339-берененин 2-бөлүмүн коюшкан болчу, бүгүн акталды. Марат Султанов 3 жолу мэрияга филармония же драма театрды бергиле, жыйын өткөрөт элек деп барса УВДга тартипти карап бергиле деп кайрылган. Мэрия бербей койгон соң, биздин митинг өткөзгөнгө Конституциялык укугубуз бар, ушул датада митинг өтөт деп кагаз таштап койгону үчүн 10 жылга соттошту.

– Атамбаев “Биринчи Талгарбеков менен Колубаевди атып өлтүрүп, андан кийин өзүмдү өлтүрөм” деп айтканын Талгарбеков айтпады беле. Сиз ушул сөздү уккансызбы? Бул сөздү Атамбаев кимге айткан?

– Атамбаев өзүнүн эмне деп сүйлөп жатканын байкабай калчу эмес беле. Ал адам телевидениеден “Эл үчүн, жер үчүн Элдик парламенттин лидерлерин керек болсо атып, андан кийин өзүмдү атып өлтүрөм” деп айтканын түрмөдө олтуруп, өз кулагым менен угуп, өз көзүм менен көргөм.

– Сиздерди орус генералдарына таянып, мамлекетте тополоң чыгармак деп айтып келишти. Орус генералдары чын эле Атамбаевдин бийлигин оодарып түшкөнгө макулдугун беришкен беле?

– Эгер бизге орустун генералдары чын эле жардам бере турган болгондо, бизди олтургузганга Атамбаевдин духу жетмек эмес. Биз камалгандан кийин Дача-СУга учак кулап, кыркка жакын адам өлбөдүбү. Ал жерге Атамбаев басып барбай койду. Бул Абдил Сегизбаевдин жасаган иши деп айтат элем. Анткени, Аскар Акаевди дагы колго алам деп,  Ибраимов экөө телевизордон түшпөй, Акаевди эч жакка чыгарбай коюшкан. Сегизбаев Атамбаевди биз менен коркутуп, ‘‘Булардын артында орус генералдары турат. Сизди атканга даяр” деп экөөбүздүн телефондогу сүйлөшкөнүбүздү угузуп, ишендирип салган. Биздин тарых Садыр Жапаровдукуна окшош эле. Бизге жыйын өткөрүү үчүн филармония менен драма театрды атайын бердиртпей коюшкан. Жапаровдун тарапташтары Горькийдин алдында митинг өткөзүп жатышса, булар атайын эки полковникти УКМКнын алдында митинг өткөзгүлө деп жиберип, ал жерге элди алып келишкенде, атайын кызмат менен иштешкен балдар таш менен урушуп, атайын провокация жасашып, элди сабап кармашпадыбы. Бизди дагы ошондой кылабыз деген. Митинг өткөзгөнгө уруксат берип, кийин өзүбүз эле провокация жасап, лидерлеринин өтүн алабыз деп пландаган. Бирок, духу жеткен жок. Атамбаев өзү уялбай туруп “Булардын артында орустун 5 генералы турат” деп телевизор аркылуу элге жарыя кылды. Украинаны ийгиликтүү талкалаган ФСБнын генерал-полковниги Беседа менен Сегизбаев экөө бизди каматканы жатат деп маек бергем. Сегизбаев ушул сөзүмдү кайра бизге каршы “Булардын артында орус генералдары турат” деп буруп салган. Бахтияр Алиев менен космонавт Салижан Шарипов “2010-жылдагы окуяны көтөрө турган болсоңор, биз жардам беребиз” деген. Алиевдин өзүнөн “Бизди комиссияга киргизгиле” дегенди угуп, андан кийин комиссияга кошконбуз. Салижан Шарипов өзбек тараптан, Бахтияр Алиев кыргыз тараптан болуп киришкен. Бийликке революция менен келгендер ушундан коркушту. Ал убакта Текебаевдин кутуруп турган убагы болчу. “Алмаз, булар комиссия түзүп, 2010-жылды көтөрө турган болсо, эл баарын түшүнүп калса, сени оодарат” деп жатып, өзү кийин камалып кетти. Бизге Текебаевдин Атамбаевге кандай кеңеш берип жатканы тууралуу маалыматтар келип жаткан.

– Алиев менен Шарипов экөө комиссияга мүчө болуп, 2010-жылдагы түштүк коогалаңын иликтесе, кимдер күнөөлүү экени ачыкталып калат беле?

-2010-жылдагы тополоңду революция жасагандар уюштурганы аныкталат болчу деп айтыш кыйын. Анткени, Атамбаев кандай бийлик жүргүзгөнүн көрбөдүкпү. Өзүнүн сапарлашы Текебаевди камаганга чейин барды. Бизди өлтүрүп салышы деле мүмкүн болчу. Бахтияр Алиев ФСБнын кишиси эмес. Ал Россиянын коопсуздук кеңешинин аппаратынын башкы советниги болуп иштеген адам. Биздикилер “Алиев генерал эмес” деп ушакташып жүрбөдүбү. Генерал эмес дегендер қыйын болушса, өздөрү Россиянын коопсуздук кеңешинин аппаратынын башкы советниги болуп иштешпейт беле? Ал жерге жөнөкөй адамды олтургузбайт.

– Сиз камалганга чейин эле Сегизбаев менен телефондо сүйлөшкөн экенсиз. Камалгандан кийин Сегизбаев тараптан “Атамбаевден кечирим сурагыла. Туура эмес кылган экенбиз деп айткыла” дегендей аракет болуп, ортого түшкөн адамдар болдубу?

-Бекболот Талгарбековго кайрылышкан экен. Ал киши ага макул болбой койгон. Мага антип айтыша алган жок. Себеби, менин оюм кандай экенин Атамбаев өзү да жакшы билген. Сегизбаев кайтпай турганымды тушүнгөн. Мен эч качан кечирим сурабайт болчумун. Мага каршы көрсөтмө берсеңер камалбайсыңар деп айтканын Гусев бүгүн сотто айтты. Эмне деп көрсөтмө берем? – десе, атайын кызматтын балдары “Сиз ойлонбой эле коюңуз, өзүбүз баарын даярдайбыз, кол коюп берсеңиз болду” деп айтышыптыр..

– Түрмөгө барганда караларды колдонуп, сындырууга аракет жасалбадыбы?

– Атамбаев, Сегизбаевдин авторитети “каралардын” арасында жок, “Каралар” деле эл. Ал жакта саясат күчтүү. Кимдин-ким экенин карап, байкап турушат. Бизди жакшыканай тосуп алышып, жакшынакай кылып узатышты. Бизди сындыруу үчүн “караларга” чыкканга алардын авторитети жетмек эмес. Эми “каралар” буларды сындырат. Атамбаев түрмөгө барса, сөзсүз сынат.

– Сиздин айтканыңыз боюнча, көп иштерди Сегизбаев жасаптыр. Эмне үчүн Сегизбаевге азыр кылмыш иш козголуп, жасаган иштерине жооп бербей жатат?

– Сегизбаев УКМКнын башчысы болуп, интриганын үстүндө жүрүп, көп маалыматтарды билгендиктен, азыр Сооронбай Шариповичтин командасына анын маалыматтары керек болгондуктан, ага кылмыш иш козгобой турса керек деп ойлоп жатам. Өзүмдүн салам-дубайымды айтып кетейин, Абдил убакыт келет, сен дагы жакшынакай болуп олтурасың! Жасаган ар бир ишиңе жооп бересиң! Текебаев жөн калбайт. Мен Текебаевден 10 эсе өтүп жөн калбайм. Бизди 2 жыл 10 ай бала-чака, туугандарыбыздан ажыратып, алардын каргышына калып олтурасың! Мен жөн калбайм! Түрмөгө барганда сураласың! Биз түрмөдө олтурганда ачык эле Атамбаев командасы менен убагы келгенде ушул жерде олтурат деп айтчубуз. Азыр ошонун баары далилденип жатат. “Фейсбук” баракчама “Мына сага тагдыр. Атамбаев түрмөдө, мен госрезиденцияда” деп жаздым. ЕврАзЕСге мүчө болгон өлкөлөрдүн жетекчилери катышкан жыйында конок болуп олтурдум. Бул “Ак ийилет, бирок сынбайт” дегенге далил болду.

– Сиз төңкөрүш жасаганга даярдык көргөн деп олтурдуңуз. Атамбаев бийликти тааныбайм, керек болсо атышам деп айтып, ал үчүн даярдык көргөнү Кой-Таш окуясында билинди. Бул тагдырдын тамашасыбы?

– Өзүм юристмин. Бизди айтпаган сөздөрдү койпьютер аркылуу жасап айтты кылып камашпадыбы. Атамбаев ачык айтып жаткан сөздөрү үчүн эле эбак камалышы керек болчу. Сооронбай Шарипович сабырдуу же бошураак окшойт. Бир азаматтын өлүмүнө жеткизбей эле камаса болот эле. Кой-Таш окуясын иликтеген комиссияда Сегизбаев Исмаил Исаковдун “Атамбаев бийликти тааныбайм деп айтып жатканын угуп туруп мал союп жатасызбы?” деген суроосуна “Ооба, моралдык колдоо  көрсөттүм” деп жооп берип жатат. Сегизбаевдин ушул аракети үчүн мамлекеттик төңкөрүшкө даярдык көргөн деп оор берене менен камаш керек. Тилекке каршы, Сооронбай Шариповичтин тегерегиндегилерди Сегизбаев сатып алды. Президентти тегереги уят кылып, саботаж жасап жатат. Сооронбай Шариповичти “досун сатып кетти” деп социалдык тармактарда троллдор жазып жатышпайбы. Ырас, президент мамлекетти ойлоп, досу коррупционер экенин далилдеп алып чыккан соң, тегереги да аны менен бир кол болуп иштеши керек эле. Тилекке каршы андай болбой жатат. Сегизбаев Атамбаевдин үйүнө барып жаткан соң атайын кызматтын азаматы өлүп жатат. Буга да Сегизбаевдин УКМКнын мурунку төрагасы катары түздөн-түз күнөөсү бар. Атайын кызматта мурунку кызматкер деген түшүнүк болбойт. Атамбаев камалганы менен ага коюлган айыптарды президенттин азыркы командасы далилдеп берет дегенге ишене бербейм. Менин пешенеме президенттик буйруп калганда, Атамбаевдин кылмыштуу иштерин элдин алдында ачык далилдеп бермекмин. Атамбаев президент болуп туруп, мафиянын башында аталык болуп өзү турган. Эң жаман жери, Өмүрбек Текебаев колдоп, парламенттен өткөргөн азыркы мыйзам менен коррупционерлер аз убакыт эле олтуруп, кайра боштондукка чыгат.

– Атамбаев камакта болгону менен сотко баруудан баш тартып койду. Керек болсо ачкачылык жарыялайм деп коркутту. Муну кандай ишаарат катары кабылдайсыз?

– Бул бийликтин алсыздыгы. Биз деле сотко барбайбыз, мыйзамсыз иштерди кылып жатасыңар деп айтканбыз. СИЗОнун башчысы “Спецназды алып келип, сүдүрөп чыгабыз” деп айткан. Бүгүн эмне үчүн Атамбаевге ушул ыкманы колдонсо болбойт? Муну Кубан Кулматов, Албек Ибраимов, Сапар Исаковдорго “Биз али сүйлөшө элекпиз” деп берилген сигнал катары түшүнөм. Түрмөдө олтуруп көптү көрдүк. Бектур Асанов менен Кубан Кадыров дагы ачкачылык жарыялашкан. Атамбаевде ачкачылык жарыялаганга укугу бар. Бирок, азыр иштеп жаткан, өзү алып келген, өзү айткан “чимкирик парламент”, соттор, прокурорлор, президенттик аппаратта өзүнүн жоокерлери иштеп жатат, ошол сөздү айткандан уялса болмок. Кыргыз элин, мыйзамды сыйлабагандык. Мыйзамды уруп ойнобойм, кыргыз эли малсыңар деген көз карашта экенин көрсөттү.

– Сизде Атамбаев менен жолугуп, анын мамлекетти башкара алчу жөндөмү жок экенин ачык айткан учур болгонбу?

— 2011-жылы президенттик шайлоодо талапкер болуп чыккам. Ошондо КТРКдагы дебаттын алдында талапкерлерге чай беришти. Муну ошондогу директор Кубат Оторбаев дагы тастыктап берсе керек. Чай үстүндө олтуруп, Атамбаевдин өзүнө “Сиз президент болуп келип эч нерсе кылбайсыз. Кыргызстандын байлыгын уурдап-жейсиз. Сиз башкаруучу эмессиз, уурусуз. Чыңгыз Айтматов аркылуу алган жазуучуларга делген 18 млн рублди ачык сурагам. Сиз бекер талапкерлигиңизди койдуңуз, революциялык комитетти уят кыласыз” деп айткам. Атамбаев шымын тизесине чейин көтөрүп, бутун көрсөтүп “Төрөбай, мен кантип Кыргызстанды башкара алам? Мен оорулуу адаммын. Революционерлер мени түртүп жаткандыктан айласыз баратам…” деп айткан. Сиз жакшы артис экенсиз дегем. Ошондо кек сактап калса керек. Кийин принцип жок экени көрүнбөдүбү. Кыргыз элин шылдыңдаган сөздөрдү сүйлөп баштады. “Балдарымды, жакындарымды бийликке алып келбейм” дегени менен шоопуруна мамлекетти башкартты, 25 жыл окуган студенти генералдыкты алды, Бишкек ЖЭБ боюнча 200 млн доллар уурдалганын айтып чыктык. Мага катуу тийгени “Нарындыктар малсыңар, таластыктар эл эмессиңер” деп өз элине түкүрүп, паспорттун кыргыз улуту дегенди алып салганы болду. Ушул сөздү айтпаса мүмкүн ага каршы чыкмак эмесмин.

– Атамбаевдин соттолуп, абакта олтурарына ишенесизби?

– Эртең Атамбаев акталып кетсе таң калбайм. Сооронбай Шарипович жалгыз өзү ишти тартууга аракет кылганы менен тегереги саботаж менен алек.

– Соттон толук акталып, кийинки жылдагы шайлоого барсак деген ой барбы?

– Эгер мен соттон акталсам, заманбап технология менен иш алып барган, жаңы көз караштагы духу бар топ менен шайлоого барабыз.

Маектешкен Наралы Асанбаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − 11 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: