Menu

Европа Борбордук Азияга акча салгандан чочуйт

Бөлүшүү:

Дүйнөлүк экономикалык кырдаалды талдаган «Еuractiv» басылмасы эмнеге Еврошаркет Борбор Азияга чыгыштагы чоң коңшу Кытайдай ири инвестиция жумшабай жатканын талдады.

«Европа Комиссиясындагы Борбор Азия боюнча жооптуу өкүл Питер Буриан Берлиндеги Евразия клубу уюштурган жыйында сүйлөгөндө «Кытай эч ким баш тарта албаган акчаны чөлкөмгө салууда. Еврошаркеттин бул аймактан эмне каалаганын эч ким аңдай албайт»,-деди. Борбор Азияга салынчу каражат Евробиримдиктин жакынкы жети жылдык бюджетине кирдиби деген маселе да талкууланды. Акча жетиштүү болгону менен Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Түркмөнстандын ар бирине өзүнчө каражат коротпой, аларга дүңүнөн каржы салса болот беле деген суроого адистер «аймактагы саясий кырдаал буга жол бербейт» деген жоопту айтышат. Евробиримдиктин өкүлдөрү «Кытай бул чөлкөмгө эбегейсиз ири суммадагы акчаны ар түрдүү долбоорлорго салып жатат. Мындай долбоорлор Кытайдын өзүнө кайра пайда алып келер-келбеси арсар. Ушундан улам Еврошаркет Кытай сыяктуу тобокелге сала албайт. Жакында эле Тажикстандагы кытай инвесторлору менен түзүлгөн оор кырдаал буга мыкты мисал»,- дешти. «Schneider Group GmbH» компаниясынын директору Ульф Шайдер Европа эч качан Кытай менен Борбор Азияга салган каражат боюнча атаандаша албай турганын баса белгиледи»,- деп баяндайт «Еuractiv».

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − 78 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: