Menu

Видео – Баткендин Кара-Бак айылында кыргыз-тажик чек арасында ок атылды

Бөлүшүү:

Баткен районунун Кара-Бак айылында кыргыз-тажик чек арасында ок атылды. Тажик чек арачылары асманга эки ирет ок атканын жергиликтүү тургундар билдиришти. Ушул тапта чек арада 100дөй адам чогулуп турат.

Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева бул маалыматты ырастады. Анын айтымында, бүгүн, 22-май күнү Кара-Бак айылынын Эски-Мазар аймагында тажик чек арачылары эскертүү иретинде асманга ок атышкан.

– Бүгүн, 22-майда аталган мазарга 21-майда жакынын көмгөн жарандар келип, куран окуп жаткан учурда Тажикстандын чек ара кызматкерлери келишкен, – деди мекеме өкүлү. – Алар менен жергиликтүү тургундар кайым айытышып, тажик чек арачыларын көрүстөндүн аймагынан чыгып кетүүсүн талап кылышкан. Окуя болгон жерге Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматтарынын өкүлдөрү келип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан кезде, кыргызстандыктар тажик чек арачыларынын жолуна аң каза башташкан. Ошол мезгилде тажик чек арачылары асманга эскертүү иретинде ок атышкан.

Гүлмира Бөрүбаеванын маалымдаганына караганда, ушул тапта эки тараптын сүйлөшүүлөрү уланууда. Мындан тышкары жергиликтүү элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Эл аймакка бийлик башчылары келүүсүн талап кылып турушат.

Исфара шаар башчылыгынын маалымат катчысы Икбол Илёсзода “Фейсбуктагы” баракчасына бул окуя боюнча минтип жазды:

“22-майда эртең менен Кыргызстандын Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Раут-Кавит айылынын 200дөй тургуну кыргызстандык куралдуу чек арачылардын коштоосунда Тажикстандын аймагына кирип келишти. Эскертүү иретинде ок атылган соң, көпчүлүгү чыгып кетишти”.

Учурда чек арада кырдаал тынч, чек арачылардын толук көзөмөлүндө.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, Эски-Мазар аймагы кыргыз-тажик шарттуу чек арасынан Тажикстан тарапка 150 метр ичкериде турат. Көрүстөндү кыргызстандык тургундар пайдаланып келишкен.

https://www.youtube.com/watch?v=jub5RhMxNpY&t=39s

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: