Menu

“Ош” базарына жакын жерден жигитти бычактап кетишти

Бөлүшүү:

20-майга караган түнү Бишкектеги «Ош» базарына жакын жерден бир жигит бычакталганын окурман билдирди. Бишкек ШИИБдин маалымат кызматынын өкүлү Улан Жумаков мындай факты болгонун ырастады.

«Киев менен Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги супермаркеттин жанынан 22 жаштагы жигит бычакталган. Окуя 20-майда саат 3:00дөр чамасында болуп, кырсык болгон жерге милиция кызматкерлери дароо келген», — деди Жумаков.

Жигитти бычактаган деген шек менен 29 жаштагы киши кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилген. Жабыркаган жаран ооруканага жеткирилип, керектүү экспертизалар дайындалды.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − 20 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: