Кечээ, 18-сентябрь күнү Жалал-Абад ОИИБнин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын (ЭММКАК) жана УКМКнын Жалал-Абад областы боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чарларынын натыйжасында, Жалал-Абад шаарынын тургуну, 1994-ж.т. А.Д. аттуу жаран, 2014-жылы кыш айларында Туркия мамлекети аркылуу Сирия мамлекетиндеги болуп жаткан согуштук аракеттерге катышууга чыгып кеткендиги, учурда Кыргыз Республикасына кайтып келип, Жалал-Абад шаарынын аймагында убактылуу жашынып жашап жүргөн жери аныкталып, изин жашырып жүргөн жеринен кармалган. (Д.А Жалал-Абад ОИИБнин ЭММКАКнын экстремизм жана терроризм багыты боюнча каттоодо турган). Бул тууралуу Жалал-Абад ООИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Бул факты боюнча топтолгон материал Жалал-Абад ОИИБдин МЭККне катталып, караштуулугу боюнча УКМКга өткөрүлүп берилди.
https://www.facebook.com/kyrgyztoday/videos/1277516659092661/
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ