“Эгер мен Астанадагыдай ЭКСПО көргөзмө уюштуруп, ага $ 3 миллиард доллар сарптап жиберсем, мени булар тирүүлөй өрттөп жиберишмек”, – деп билдирди бүгүн, 11-июнда Алмаз Атамбаев БУУнун Генкатчысы Антониу Гутерреш менен “Таза коом” форумунун алкагында журналисттер менен болгон жолугушууда.
“Кыргызстанда нефти менен газ жок, бирок, өтө күчтүү жарандык коом бар. Биз мына ушул жарандык коом менен газдын жана нефтинин жоктугунан болгон кемтикти толуктайбыз. Бул биздин эң чоң мүмкүнчүлүгүбүз. Албетте биздин мамлекетте азырынча каражат жок. Мына, Астанада ЭКСПО көргөзмөсүн уюштуруу үчүн эле $ 3 миллиард доллар каражат сарпташкан. Ал эми биз жол куруу үчүн эле 1 миллиард акча алсак канча ызы-чуу салышты. Өткөн жылы II Көчмөндөр оюнун өткөрүүгө $ 30 миллион доллар грант алсак канча ызылдашты. Эгер биз $ 3 миллиард доллар сарптасак, мени булар тирүүлөй өрттөп жиберишмек”, – деди Атамбаев.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ